super.kg logo

Күнөөсүз адамга жасалма иш уюштуруп, аны камаган милиция кызматкерлери кармалды

 

Жалал-Абад облусунда күнөөсүз адамга баңгизат боюнча жалаа жапкан милиция кызматкерлери менен аларга жардам берген адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Б.У., Ю.К. жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А. Жалал-Абад облусунун Т.у.Т., П.Н. аттуу тургундары жана абактагы А.А. аттуу жарандын жардамы менен И.Н. аттуу кишиге кутум уюштурушкан.

Тагыраагы, Т.у.Т. милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен кароосуз калган үйлөрдүн бирине марихуана каткан. Абактагы адамдын айтуусу боюнча, бул иштен кабары жок И.Н. Ю.К. аттуу милиция кызматкерин ал жайга ээрчитип барып, желим баштыкты таап, ага өткөрүп берген. Абактагы адам күнөөсүз адамга баштыкта анын документтери болгонун айткан. Бирок иш жүзүндө баштыкта жашырылган марихуана болгон.

Ошентип алар И.Н.га жалган жалаа жаап, аны үч айдан ашык тергөө абагына мыйзамсыз камашкан. Тергөөдө ага физикалык жана психологиялык кысым көрсөтүшүп, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө катышы бар делген жалааны моюнуна алдырышкан. Бирок ал кийин сот тарабынан толук акталган.

Атайын кызмат милиция кызматкерлери мындай ишке баңгизаттар менен күрөшүү тууралуу статистикасын жакшыртуу үчүн барышканын белгиледи. Жыйынтыгында абактагы адамдан башка шектүүлөрдүн баары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: