Индияда мейманканада өрт чыгып, 14 адам каза болду
Кечээ, 29-апрелде Индиянын Бенгалия провинциясындагы мейманканалардын биринде өрт чыгып, 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Өрт кырсыгынан улам 14 адамдын сөөгү табылды. Куткаруучулар тарабынан бир нече адам куткарылды", - деп билдирген жергиликтүү бийлик журналисттерге.
Ошондой эле өрт чектөөгө алынып толук өчүрүлгөнү жана окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланып жатканы кошумчаланган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, тилсиз жоо газдан улам пайда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.