Өзгөчө кырдаалдарга байланышкан өнүктүрүү концепциясы бекитилди
Министрлер кабинети 2030-жылга чейин өлкөдө өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын бекиткенин кабарлады.
Маалымдалгандай, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечим Кыргызстандын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо потенциалын күчөтүү, натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.
Чыгымдар донордук каражаттардын эсебинен, ошондой эле тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылары маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.