Ош шаарынын мэри эки кызматкерин алмаштырды
Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү болду. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчылыгына Толкунбек Нурматов дайындалса, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Казыбай уулу Мирланбек Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп бекитилди.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын башчысы Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.