Чоң-Алайда УКТнын мүчөсү кысым менен мамлекеттик жерди тартып алган (видео)




Ош облусунун Чоң-Алай районунда эки жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 2004-жылы уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү А.А. аталган райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кысым көрсөтүп, мыйзамсыз түрдө 0,45 гектар жер тилкеси менен эки кабаттуу имаратты ээлеп алган. Ал 2009-жылы 1536,99 чарчы метр аянтка ресторан комплексин куруп алган.
Мындан тышкары 1999-жылдын май айында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын айрым кызмат адамдары Дароот-Коргон айылынын борборундагы 0,17 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп беришкен. Учурда аталган жер тилкесинин ээси болуп саналган К.Э. аттуу жаран жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
30.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.