super.kg logo

“Асман эйрлайнстын” директору Айдаралиев: "Үчүнчү учакты алып келүү боюнча иштер жүрүүдө" (видео)

 

Акыркы бир жылда Кыргызстандын ички каттамдары жанданып, кыргыз авиациясында көрүнүктүү өзгөрүүлөр болууда. Алсак аймактарда жаңы аэропорттор салынып, эскилери жаңыланып, жаңы учактар сатылып алынды. Мындан улам ички каттам үчүн “Асман эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы ачылып, жигердүү иш алып барууда. Дал ушул компаниянын жетекчиси Жолдошбек Айдаралиев менен маек курдук.

Ал билдиргендей, учурда мамлекеттик авиакомпанияга 3-учакты сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Азыр үчүнчү учагыбызды алуу боюнча акыркы жумуштар жасалып жатат. Аны июнь айынын башында алып келүүнү пландап жатабыз. Андан тышкары 4-бортту дагы караштырып жатабыз. Себеби эки учагыбыз менен өлкөдө 11 аэропорт болсо анын тогузуна учуп жатыбыз. Казарман жана Нарын аэропортторун жандандыруу иштери калды. Аларды акырындан иштеп жатабыз", - дейт ал.

Маекти толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: