Министрлик "Диамеддин" үч гемодиализ борборунун лицензиясын токтотту

Ага ылайык, министрликке жаран тарабынан “Диамед” гемодиализ борборлорунда көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатына нааразычылык боюнча кайрылуу келип түшкөн.
Аны текшерүү максатында министрлик тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
"Иликтөөнүн жыйынтыгында лицензиялык талаптардын бузулушу аныкталып, өлкөнүн “Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзамына ылайык, ССМнин лицензиялык комиссиясынын чечими менен “Диамед” ЖЧКсынын лицензиясынын жарамдуулугу мыйзам бузуу себептери жоюлганга чейин 90 күнгө токтотулду", - деп жазылат анда.
Лицензиянын токтотулушу төмөнкү филиалдарга тиешелүү:
- Бишкек шаары, Семетей көчөсү, 39;
- Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы, Я. Шиваза көчөсү, 43;
- Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Турусбеков көчөсү, 37.
Саламаттык сактоо министрлиги Гемодиализ бейтаптарынын коомунун өкүлдөрү менен биргеликте бейтаптарды башка жеке медициналык борборлорго которуу иштерин уюштурган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.