super.kg logo

Бразилияда дүйнөдөгү эң кары адам каза болду

 

Дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген Ина Канабарро Лукас Бразилиянын Порту-Алегри шаарында каза болду. Бул тууралуу жүз жылдыктар боюнча маалыматтарды текшерүү менен алектенген LongeviQuest уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 116 жаш 326 күнүндө каза болгон. Ал көз жумгандан кийин планетанын эң кары адамы наамы британиялык 115 жаштагы Этел Катерхэмге өттү.

Лукас 1908-жылы 8-июнда төрөлгөн. Жаш кезинде ал монастырдык ант берип, өмүрүнүн көбүн Бразилия менен Уругвайдагы католиктик мекемелерде окутууга жана кызмат кылууга арнаган.

2018-жылы Лукас өзүнүн 110 жылдыгын белгилеп жатып Рим папасы Францисктен ыраазычылык кат алган.

Быйыл январь айынын башында ошол кезде дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген япониялык ​​Томико Итоока 116 жаш курагында дүйнө салган. Андан кийинки сапта дал ушул Ина Канабарро Лукас болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: