Денис Петрашов АКШда алтын медаль утуп, Кыргызстандын рекордун жаңылады
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Калифорния штатынын Сакраменто шаарында өткөн “TYR Pro Swim Series” турниринде алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтында жарыяланды.
Ал 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, 59,23 секундда келип 1-орунду ээледи. Бул аралык Кыргызстан үчүн жаңы рекорд.
Буга чейинкиси 2023-жылдын декабрында АКШ чемпиондугунда болгон - 59,46 секунд.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы аталган мелдеште кыргыз суучулу Денис Петрашов алтын медалга ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.