Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды
Бүгүн, 2-майдан тарта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Белгиленгендей, оңдоо иштери аяктаганга чейин унаалар жолдун экинчи тарабы менен каттайт.
"Жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршрутту алдын ала пландап, мүмкүн болсо жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайбыз", - деп билдирди мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.