Бишкекте чет элдик жарандар уюштурган онлайн казино аныкталды

Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар ижарага алынган үйдө жашап, коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган "Покер" онлайн казиносун уюштуруп келишкен.
"Тинтүү жүргүзүүдө күчтүү заманбап техникалык түзүлүштөрү менен жабдылган жабдуулар: системдик блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 даана мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер табылды", - деп билдирди ИИМ.
Учурда аталган топтогу адамдардын аракеттеринен Кыргыз Республикасынын жарандарына келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.