super.kg logo

"Марал" радиосу ишмердүүлүгүн токтотту

 

"Марал" радиосу башкаруу кеңешинин чечими менен өз ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялап, буга каржылык маселе негизги себеп болгонун билдирди.

Медиа ошондой эле радионун жыштыгы сатылгандыгына байланыштуу андан чыккан маалыматтарга жоопкерчилик албастыгын, жыштыктын сатылышында эч кандай саясий маселе жок экенин белгиледи.

"Марал" компаниясы 2010-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, компаниянын алдында уюшулган "Марал" радиосу 2011-жылдын 11-декабрында обого чыккан. "Марал" – радио, ТВ жана сайт болуп мультимедиалык багытта иш алып барган. Компаниянын түптөлүшүнө, радионун обого чыгышына карапайым адамдардын салымы зор болгон.

Медиабренддин иштеп кетиши үчүн айрымдар унаасын сатып, айрымдар ар кандай буюм-тайымдарын сатып, айрымдар айлыгынан үнөмдөп акча чогултуп беришкен. "Марал" радиосу медиабренддин түптөлүшүнө салым кошкондордун ар бирине ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: