Трамп Рим папасы катары тактыда отурган сүрөтүн жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында өзүн Рим папасы катары көрсөткөн сүрөт жарыялады.
Ал сүрөттүн өзүн гана чыгарып, эч кандай билдирүү жазган эмес. Анын сүрөтү жасалма интеллекттин жардамы менен жасалышы мүмкүн.
Буга чейин Трамп Рим папасы болууну каалай турганын айтып, тамашалаган эле.
Эске салсак, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде Ватикандагы Ыйык Пётр аянтында болгон. Ага АКШ лидери да катышкан. Ал эми жаңы Рим папасын шайлоо 7-майда башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.