super.kg logo

Өлкөдө туристтик мезгил расмий түрдө ачылды 

 

Бүгүн, 3-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын туристтик мезгилинин ачылышына арналып уюштурулган Ысык-Көл облусундагы иш-чараларга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Алгач өкмөт башчы кол өнөрчүлөрдүн жана элдик чыгармачылыктын эл аралык жарманкеси менен таанышып чыккан. Анда өлкөнүн бай маданий мурасын чагылдырган уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдары, ошондой эле туристтик фирмалардын түрдүү сунуштары коюлган. Жарманкеде кыргыз элинин өнөрүн, каада-салтын көрсөткөн боз үйдү тез чогултуу боюнча сынагы да болгон.

Касымалиев жарманкенин катышуучуларын жана конокторун куттуктап жатып, туризмдин дүйнөлүк экономикадагы негизги ролун белгилеп, Кыргызстан бул тармакты активдүү өнүктүрүп, туристтерди тартууга жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгилеген.

"Бүгүн Кыргызстан жөн гана туризмди эмес, биз туруктуулукка, жаратылышты сыйлоого жана маданий көп түрдүүлүккө негизделген туризм философиясын сунуштайбыз", - деген ал.

Андан соң өкмөт башчы "Туризм-2030: Борбор Азия бирдиктүү туристтик мейкиндик катары" эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышына катышкан. Анда Касымалиев форумдун темасынын актуалдуулугуна токтолгон.

"Президенттерибиздин жана элдерибиздин ак ниеттүүлүгүнүн аркасында биз жакында эле чек ара маселелерин биротоло чече алдык. Бүгүн биз Борбор Азияда бирдиктүү туристтик мейкиндикти түзүү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү визасыз аймакты түзүү боюнча президентибиз тарабынан айтылган демилгени өзгөчө белгилеп кетким келет.

Бул демилге өлкөлөрүбүздүн маршруттарын, кызыктуу жерлерин жана маданий байлыктарын бир туристтик пакетке бириктирип, чет элдик туристтерге аймактын бардык аймактарында эркин саякаттоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган. Мындай трансчек аралык форматты түзүү Борбор Азиянын глобалдык туристтик картадагы позициясын бекемдеп гана тим болбостон, ишенимди, аймактык интеграцияны чыңдоо жана "Борбор Азия – меймандостуктун аймагы" жалпы брендин илгерилетүү үчүн маанилүү кадам болот", - деген.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев 2025-жылдагы туристтик мезгилдин расмий ачылышын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: