super.kg logo

Зеленский Путин сунуштаган 3 күндүк ок атышпоо сунушуна макул эместигин билдирди 

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путиндин Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо учурунда үч күндүк ок атышпоо боюнча сунушуна макул эместигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Украинанын лидери Путиндин бул сунушун "театралдык спектакль" деп атап, ок атышууну 30 күн токтотуу керектигин белгилеген.

"Шартсыз ок атышууну токтотуу – бул америкалыктардын сунушу. Биз аны колдойбуз. Ушул күндөн тартыппы же башка күндөнбү, болушунча эрте кылуу керек. Келгиле, 30 күн кылалы. Эмне үчүн 30 күн ок атышууну токтотуу керек? Анткени 3 күндө же 5-7 күндө сүйлөшүүгө мүмкүн эмес", - деген Зеленский.

Белгилей кетсек, буга чейин Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата ок атышууну убактылуу токтотууну жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: