super.kg logo

Ошто букмекердик иштерди мыйзамсыз жүргүзүүгө шектелгендер кармалды (видео)

 

Ош шаарында букмекердик ишмердүүлүктү мыйзамсыз жүргүзүп келген делип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 7-апрелде алдамчылыкка шектелгендер шаардагы батирлердин биринде жашынып жатышкандыгы тууралуу билдирүү келген. Буга байланыштуу аталган даректе кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 27, 19 жана 18 жаштагы 2 жигит кармалып, ар кандай банктарга таандык болгон карталар, телефондор, компьютерлер, ноутбуктар жана ID паспорттору табылган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алар батирди ижарага алышып, ал жакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен. Тагыраагы, шектүүлөр жарандарга лицензиясыз 1WIN букмекердик конторасынын кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүшүп, алардын оюндарга койгон акчаларын (ставка) банк карталары аркылуу жүгүртүп турушкан.

ИИМ кармалгандар камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.






ИИМ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: