Жеңиш майрамына карата 8-9-май күндөрү борбордогу бир катар көчөлөр жабылат
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Бишкектин бир катар борбордук көчөлөрү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-9-май күндөрү борбордук аянтта салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат.
Буга байланыштуу аталган күндөрү төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Ибраимов көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
- Шопоков көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
- Чүй проспектиси (Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.