super.kg logo

Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Чолпон-Атадагы "Рух-Ордодо" сыйлады (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборун көрсөттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.

Маалым болгондой, кечээ, 3-майда Жапаров менен Чжаонун жолугушуусунан кийин конокко маданий борбордун аймагында концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилген.

"Комплексти кыдыруу учурунда ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга улуттук музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылды.

Андан кийин улуттук даамдар тартууланып, меймандар максым, куруттан ооз тийишти. Чанпэн Чжао суктануусун билдирип, улуттук ашканабыздын өзгөчөлүгүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Жапаров Чжао менен болгон жолугушууда ага Кыргызстан президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырган.






04.05.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: