АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болууда
АКШда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дайынсыз болууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Өлкөнүн ал жактагы элчилиги жоголгон кыргызстандыкты издөө иштерин жүргүзүп жатат. Анын дайынсыз болуп жатканын туугандары кабарлаган.
"Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен, ошондой эле Вирджиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен өз ара иштер жүргүзүлүүдө. Элчилик анын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, бардык зарыл чараларды көрүү иштерин улантууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.