super.kg logo

Чолпон-Атада президенттин катышуусунда жаңы түзүлгөн кеңештин жыйыны өттү

 

Бүгүн, 4-майда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынан билдирди.

Анда өлкө башчы Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканын, ал эми блокчейн жана санариптик активдер мурда адистер гана түшүнгөн тармак болсо, азыр жаңы каржылык системанын негизине айланганын белгилеген.

Жыйында аталган кеңештин курамына жаңы мүчөлөр – дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао, Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча Binance аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков кирген. Ошондой эле отурумга кеңештин төрагасынын орун басары катары өкмөт башчы Адылбек Касымалиев, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да катышкан.

Жыйындын соңунда президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Binance ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Мындан тышкары бир катар конкреттүү чечимдер кабыл алынган.

Айта кетсек, аталган кеңеш кечээ, 3-майда түзүлгөнү белгилүү болду. Ал эми ага мүчө болуп кошулган Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да Чолпон-Атага кечээ келгени маалымдалды. Ал президенттин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: