super.kg logo

ТИМ Орусияда каза болгон кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

 

Бүгүн, 4-майда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Геленжик шаарындагы курулушта болгон кырсыктан үч кыргызстандык каза болуп, дагы бир кыргыз жараны ооруканага түшкөнүн кабарлады.

Министрлик каза болгондордун сөөгү курулуш аянтчасында көчүп түшкөн топурактын алдынан чыгарылганын белгилеп, учурда сөөктөр шаардык өлүк сактоочу жайда экенин маалымдады.

ТИМ Кыргызстандын элчилиги каза болгон жарандардын жакындары менен байланышып, зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүп жатканын, маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө байланыштуу окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле маалыматта элчилик Орусиянын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташып жатканы кошумчаланды.

Буга чейин Геленжик шаарында курулуш жүрүп жаткан жерде көчкөн топурактын алдында калган үч кыргызстандыктын сөөгү табылганы, кырсыктан дагы бир кыргыз жараны жаракат алганы маалым болгон. "РИА новости" окуя кечээ, 3-майда болгонун жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: