Трамп кийинки шайлоого катышпастыгын айтып, мураскерлерин ачыктады
АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү мөөнөткө ат салышууга ниети жок экенин айтты. Ал бул тууралуу NBC телеканалына берген маегинде билдирди.
Трамп өнөктөштөрүнүн көбү андан 2028-жылкы президенттик шайлоого катышууну суранып жатканын, бирок ал өтүнүчтөрдү аткара албастыгын белгилеген.
"Ушунчалык көп суранып жатышат. Мага эч качан мынчалык көп өтүнүчтөр келген эмес. Бирок бул, менин билишимче, аткарылбай турган нерсе. Мен муну аткарбайм", - деген ал.
АКШ лидери ошондой эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн кийинки президент да республикачы болушу керектигин айтып, мураскерликке талапкер катары тарапташтарынын арасынан учурдагы вице-президент Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун атын атаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.