super.kg logo

Сузакта 6 жашар бөбөктү унаа сүзүп кетти

 

Сузак районунда 6 жашар бөбөк унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-майда саат 19:50 чамасында Жалал-Абад - Казарман унаа жолунда болгон. ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын 47 жаштагы айдоочусу жол жээгинде бара жаткан бөбөк менен 15 жашар өспүрүмдү сүзүп кеткен. Натыйжада кичүүсү ооруканага жетпей көз жумган, ал эми 15 жашар өспүрүм облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплантациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 47 жаштагы киши кармалып, камакка алынды. Ал кырсык катталган учурда мас абалында болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: