super.kg logo

iPhone 17 Air үлгүсү Apple компаниясынын эң жука смартфону болушу мүмкүн

 

The Information порталынын маалыматына ылайык, Apple компаниясы жакында ультражука (эң жука) iPhone 17 Air смартфонун сунуштайт. Apple жүргүзгөн ички тестирлөөлөр көрсөткөндөй, түзмөктүн автономдуу иштөөсү башка моделдерге салыштырмалуу начар болгондуктан компания атайын аккумулятордук кап менен чыгарары айтылууда.

Мындай төмөн автономиянын себеби - iPhone 17 Air’дин ультражука корпусу болгону 5,5 милиметр гана. Бул Apple тарыхындагы эң жука смартфон болуп калмакчы. Аккумулятордук кап түзмөктүн иштөө мөөнөтүн узартууга багытталган, бирок ал канча убакытка жетери жана анын салмагы тууралуу так маалымат азырынча берилген жок.

Мындан тышкары аталган модель бир эле динамикке, бир эле арткы камерага ээ болуп, дүйнө жүзү боюнча SIM-карта салуучу слотсуз чыгарылары да айтылууда.

Бирок бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек. iPhone 17 сериясынын бет ачаары 2025-жылдын сентябрь айына жакын болот деп болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: