Бишкекте ордо боюнча окуучулар арасында өткөн мелдешти кайсы мектеп жеңип алды?
Бишкек шаарынын мэриясы мектеп окуучулары арасында улуттук спорт оюну – ордо боюнча мелдеш өткөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, мелдешке шаардын төрт районунан тандалган 16 мыкты команда катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды:
- 1-орун — №59 орто мектеп (Ленин району);
- 2-орун — №79 орто мектеп (Ленин району);
- 3-орун — №1 интернат-мектеп (Биринчи Май району).
"Бул турнир жаш муундар арасында улуттук баалуулукту сактоодо жана даңазалоодо маанилүү кадам болду. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















