"Шектенбегиле". Тегеран Израилдин агрессиясына бар күчү менен жооп кайтарарын эскертти
Тегеран Израилдин ар кандай агрессиясына бар күчү менен чечкиндүү жооп берет. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багайи билдирди.
"Биз бардык күчүбүз менен эң чечкиндүү түрдө ар кандай агрессияга жооп беребиз. Мындан шектенбегиле", - деп келтирет анын сөзүн ТАСС агенттиги. Ал Израилдин Тегеранга койгон дооматына ушундайча жооп берген.
Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Йемендеги хуситтер тарабынан Бен-Гурион аэроптуна жасалган чабуулдун артында Иран турарын айтып, Тегеранды коркутууга алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.