Бишкекте мектеп окуучулары арасында гандбол боюнча мелдеш өттү




Бишкек шаарындагы мектептер арасында гандбол оюну боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирге шаардын төрт районунан тандалган 16 күчтүү команда катышкан.
Мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
- 1-орун – №31 орто мектеби (Ленин району);
- 2-орун – №1 орто мектеби (Свердлов району);
- 3-орун – №54 орто мектеби (Биринчи Май району).
"Мектептер арасындагы гандбол лигасы окуучулардын спорттук чеберчилигин гана өнүктүрбөстөн, достукту, командалык рухту жана сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырды. Турнир достук жана көтөрүңкү маанайда өтүп, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.