super.kg logo

Нурмагомедов UFC октагонуна качан кайтып келет?

 

Жеңил салмактагы орусиялык мушкер Умар Нурмагомедов быйыл октябрь айында октагонго кайтып келүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу анын менеджери Ризван Магомедов ТАСС агенттигине билдирген.

Мурда Нурмагомедов менен Петр Ян ортосундагы беттеш ушул эле турнирде өтүшү мүмкүн экени айтылган болчу. Бирок учурда Умар операциядан кийин калыбына келүү процесстен өтүп жатат. Ал 19-январда грузин мушкери Мераб Двалишвили менен болгон беттеште колун сындырып алган. Ал эми Ян өзүнүн кийинки беттешин быйыл июнь айында өткөрүүнү көздөөдө.

"Августта беттеш өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон, бирок Умар ага чейин даяр болбойт. Биздин оюбузча, Ян аны октябрга чейин күтпөйт. Умар жыл аягына жакын Абу-Дабиде өтө турган турнирге кайтып келүүнү көздөп жатат", - деп билдирди Магомедов.

29 жаштагы Умар Нурмагомедов азыркыга чейин ММАда 18 жолу жеңишке жетип, 1 жолу гана утулган. Ал акыркы беттешинде UFC чемпиону болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып, Мераб Двалишвилиге жеңилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: