super.kg logo

ИИМ милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча үн катты

 

Ички иштер министрлиги бир катар милиция кызматкерлеринин кылмышка шектелип кармалышы боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 6-майда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын башынан тарта ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМК жана Башкы прокуратура менен биргеликте системдүү иш алып барууда. Бул иштер милициянын өз катарындагы кылмыштарды - өзгөчө коррупция жана жарандардын укугуна каршы багытталган иштерди аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган.

Министрлик мындай учурлардын көбөйүшү кырдаалдын начарлашын эмес, тескерисинче, министр Улан Ниязбековдун демилгеси менен мекемеде терең реформалар жүрүп жатканын билдирет.

"Мурда унчукпай, айтылбай жүргөн болсо, азыр ар бир мыйзам бузган кызматкерлерге укуктук баа берилип, принципиалдуу жыйынтык чыгарылып, коомго жарыяланып жатат", - деп белгилешет ИИМден.

Министрлик маалымдагандай, милиция катарынан ак ниетсиз кызматкерлерди тазалоо - убактылуу аракет эмес, бул - коомчулуктун укук коргоо органдарына болгон ишенимин калыбына келтирүүгө багытталган ырааттуу саясат.

"Мыйзам - баарына бирдей. Аны бузган ар бир кызматкер наамына, кызматына жана иштеген жылдарына карабастан жоопкерчиликке тартылат", - деп кошумчалашты министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: