Бүгүн кечинде Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Себеби
Бүгүн, 6- майда 20:00дөн тарта Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Бул туурасында Коргоо министрлиги маалымдады.
Бул аралыкта аскердик жана атайын техникалар Токмок шаарынан Бишкекке алынып келинет. Ушуга байланыштуу бир катар жол тилкелери убактылуу жабылат:
- Жибек Жолу проспектисинин Төмөнкү Нооруз айылынан баштап Шопоков көчөсүнө чейинки аймагы;
- Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиштери – Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Параддан кийин техникалар Чүй жана Дэн Сяопин проспекттери, андан ары Лумумба көчөсү аркылуу шаардын түндүк бөлүгүнө жайгаштырылат.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Жеңиш парады 8-май күнү "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Иш-чарага 3000ге жакын аскер кызматкери жана 120дан ашык аскердик жана атайын техника катышат.
Коргоо министри шаар тургундарынан жана конокторунан жолдордун жабылышын түшүнүү менен кабыл алып, колоннанын өтүшүнө тоскоолдук жаратпоону суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.