Блогер улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды
YouTube-Блогер Актилек Орозбеков улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 15-апрелде интернетте жүргүзүлгөн мониторингде “Актилек Орозбеков” аттуу ютуб каналы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы таратылып жаткандыгы аныкталып, бул баракчанын кайрылуусу текшерүүгө алынып, соттук экспертизага жөнөтүлгөн.
Анын жыйынтыгына ылайык жогорудагы ютуб каналда “улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо” белгилери камтылгандыгы тастыкталып, Кылмыш жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
"Тергөөдө А.О. аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улуттар аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган. Ошондой эле ал жарандын буга чейин да (массалык баш аламандык фактысы боюнча) соттолгондугу бар экени такталган", - деп жазылат анда.
Кечээ, 6-майда 30 жаштагы шектүү А.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуя боюнча тергөө амалдары уланууда.
07.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Azat-123

07.05.2025. 23:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте башка тилди чанбайбыз, бирок
Кыргызстанда Кыргыз тили биринчи орунда туруш керек,
ИИМ бул жигитти кармап өз элиңерге өзүңөр уят болдуңар
Жумабек

09.05.2025. 21:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat-123 ээ Кыргыз тили кайран гана тил Кыргыз тил деп Кыргыз үчүн күйүп жаныбызды берели
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.