super.kg logo

Индия Пакистанга сокку урду

 

6-майда Индия "Синдур" аттуу атайын аскердик операциясын баштап, Пакистан жана Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмир аймагындагы бир катар объекттерге сокку урду. Бул чабуул 22-апрелде Индиянын Кашмирдеги Пахалгам шаарчасында болгон террордук чабуулга жооп иретинде ишке жасалды.

Чет элдик ЖМКларга таянсак, аталган операциянын максатын Индия "террордук топтордун инфраструктурасын талкалоо" деп түшүндүрүүдө. Сокку урулган жерлер - Муззаффарабад, Котли, Бахавалпур (Пакистан).

Индия өкмөтү билдиргендей, иш-аракеттер так жана таразаланып жасалууда.

Пакистан армиясынын басма сөз кызматы Индиянын чабуулдары жарандык калктуу конуштарга тийгенин маалымдады. Алар бул аракетти "согуштук акт" катары баалаганын кабарлады.

Ошондой эле 8 адам каза болуп, 35 киши жаракат алды, экөө дайынсыз жоголду деп маалымат таратылды.

Пакистандын армиясы Индия 24 ракеталык чабуул жасаганын, алты объектке ар түрдүү куралдар менен сокку урганын билдирди. Алар беш индиялык аскердик учакты атып түшүргөнүн жарыялады. Ошондой эле индиялык бир бригаданын штабы жок кылынганы айтылды.

Эске салсак, 22-апрелде Пахалгам шаарында куралчан адамдар чабуул жасап, кеминде 26 адам каза болгон. Индия бул үчүн Пакистанды күнөөлөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: