super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Индия менен Пакистанды сүйлөшүүгө чакырды

 
Президент Садыр Жапаров Индия менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон дос өлкөлөрүбүз Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз.
Эки тарапты максималдуу сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз.
Кыргыз Республикасы дайыма стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактайт", - деп жазды өлкө башчы.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-майда Индия "Синдур" аттуу атайын аскердик операциясын баштап, Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмир аймагындагы бир катар объекттерге сокку жасаганы кабарланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: