super.kg logo

Bakai Bank ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктады

 

9-Май майрамына карата Bakai Bank’тын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун өлкөдөгү бардык ардагерлерин, концлагерлердин туткундарын жана Ленинград блокадачыларын үйлөрүнө барып куттукташты.

Бүгүнкү күндө тарыхтын эң оор барактарынын күбөсү болгон ардагерлерден бүткүл Кыргызстан боюнча болгону 32си гана калган. Алардын эрдиги жана баатырдыгынын арты менен бүгүнкү муун тынчтыкта жана эркиндикте жашап жатат. Bakai Bank аларга урмат-сый көрсөтүү иретинде ар бир ардагерге акчалай каражат менен катар, өлкөнүн келечек тагдырына кошкон салымдары үчүн жеке ыраазычылыгын билдирди.

«Биз үчүн баатырларыбызды колдоо, алардын өз оозунан тарыхты угуу, сактоо жана кийинки муунга улуу эрдик жөнүндө эстеликти өткөрүп берүү эң чоң сыймык», — деп белгилешти банктын өкүлдөрү.

Bakai Bank белгилегендей, жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери азайып баратат, ошондуктан алар менен болгон ар бир көз ирмем, алардын ар бир айткан сөзү убакыт өткөн сайын баалуу болуп калууда.

Банк салтка айланган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын урматтоо иш-чараларына өзгөчө көңүл буруп келет. Бул аркылуу коомго тынчтыктын чыныгы баасын жана тарыхый мураска урмат менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн эскертип турат.

Биз эскеребиз. Биз ыраазыбыз. Биз сыймыктанабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: