super.kg logo

Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо

 

7-майда Кыргызстан, башка советтик өлкөлөр сыяктуу эле радионун түптөлгөн күнүн белгилейт – 1895-жылы дал ушул күнү Александр Попов алгачкы радиоприёмникти чыгарган.

Майрамды бардык байланыш тармактарынын кызматкерлери белгилешет – бул кызматкерлердин талыкпаган эмгегинин натыйжасында биз бир эле басуу менен жакындарыбызга чалабыз, интернетке киребиз, бизнес жүргүзөбүз жана жаңылыктардан убагында кабардар болуп турабыз.

О! командасы бул күндү адаттагыдай эле жумуш орундарынан өткөрөт: камтууну кеңейтүү, түйүндү күчөтүү, жаңы технологияларды киргизүү багытында иштер аткарылат. Анткени байланыш – бул ишенимдүүлүк жана калкка аба-ырайынын бардык шарттарында 24/7 кызмат кылуу.

Бүгүнкү күндө О! түйүнүнүн 4G LTE камтуусу Кыргызстан калкынын 99,8 пайызына жеткиликтүү болуп калганы – биз үчүн чоң сыймык. Демек, сиздер кайда жүрсөңүздөр да, жакын адамдарыңыздар жана маанилүү кишилер менен ар дайым байланышта болуп турасыздар.

Тармак боюнча жалпы кесиптештерибизди, өнөктөштөрүбүздү жана албетте, сүйүктүү абоненттерибизди Байланыш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Майрамыңыздар менен!

Сиздердин О! командаңыздар






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: