super.kg logo
  Саясат  

Элчи Казакбаев Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри менен жолукту

 

Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ жолугушту.

Тышкы иштер министри билдиргендей, жолугушууда тараптар социалдык саясат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Айрыкча үй-бүлөнү колдоо, аялдардын укуктарын коргоо, майыптыгы бар адамдарга жана улуу муундагы жарандарга жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

"Элчи Казакбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, Түркия менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде министр Өздемир Гөкташ Түркия үчүн Кыргыз өлкөсүнүн өнөктөш катары маанисин баса белгилеп, бардык тармактар боюнча кызматташууга, анын ичинде социалдык коргоо тармагында Түркиянын топтогон тажрыйбасын кыргыз тарап үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылды маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында социалдык чөйрөдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиги айтылып, эки өлкөнүн министрликтери ортосунда жумушчу топторду түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: