super.kg logo

Москвада Путин менен Си Цзиньпин жолугушту

 

Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 3 жарым саатка созулган сүйлөшүүлөрү орун алды. Бул тууралуу "РИА новости" басылмасы жазды.

Айта кетсек, Кытайдын лидери 7-май күнү кечинде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга катышуу үчүн Москвага келген. Ага улай Кытай лидеринин Орусияга сапары 10-майга чейин уланары күтүлүп жатканы жазылган.

ТАСС басылмасы белгилегендей, сүйлөшүүлөр делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамда өттү.

Путин менен Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында документтер пакетине кол коюшту жана эки тараптуу мамилелерди, эл аралык аренадагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз кылып, басма сөзгө билдирүү жасашты.

"Кытай Эл Республикасынын төрагасы менен биздин сүйлөшүүлөрүбүз жылуу, достук жана конструктивдүү кырдаалда өтүп, абдан мазмундуу жана жемиштүү болду", - деди Путин.

Ал эми Си Цзиньпин Путинге меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилеген.

"Азыр президент мырза экөөбүз деталдуу, достук жана абдан пайдалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар жаңы маанилүү макулдашууларга жетиштик", - деген ал.

Белгилей кетсек, 9-майда Москванын борбордук аянтында өтө турган парадга 27 өлкөнүн лидери катышуусу күтүлүүдө. Алардын катарында өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: