Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн үч көчө колдонууга берилди








Ош шаарындагы Саргалчаев, Юнусов жана Достук кичи районундагы төрөт үйүнө кеткен №10 көчөлөрүндө асфальттоо жана тротуар куруу иштери толук аяктап, колдонууга тапшырылды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин депутаттары катышып, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган иштер мындан ары да улантыларын белгилешти.
"Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагери Ажыбай Саргалчаевдин урматына тургузулган айкелдин да расмий ачылышы болуп өттү. Ал эми Юнусов көчөсү 16 метрге кеңейтилип, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар, ирригациялык системалар жана түнкү жарыктандыруу орнотулду.
Мындай иш-чаралар Достук кичи районундагы төрөт үйүнө кеткен №10 көчөсүндө да орун алып, айланасы иретке келтирилип, жашылдандыруу, каналдарды тазалоо, газ түтүктөрүн жылдыруу иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.