Жеңишке 80 жыл: Оштогу “Өчпөс от” комплексине гүлчамбар коюлду









Бүгүн, 9-майда Ош шаарында Улуу жеңиштин 80 жылдыгына карата “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер эскерилди. Аталган жайда согуш ардагерлеринин жана курман болгон жоокерлердин сүрөттөрү коюлуп, тарыхтары жазылган. Аны менен катар коноктор атайын аскердик техникалардын көргөзмөсү менен таанышты.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, Орусиянын Оштогу консулдугу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, тыл ардагерлери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышкандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.