super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-МАЙ: Мындан 80 жыл мурун Советтик армия Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жеткен

 

1945-жылы 8-май күнү саат 22:43дө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлсхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон.

Бул мезгилде Москвада 9-май болуп калган эле. Ошентип 5 жылга созулган (1941-1945-ж.ж.) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

Ошол эле замат Иосиф Сталиндин жарлыгы менен 9-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылдын 9-май күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган.

Көчөлөрдө адамдар бири-бирин куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1000 замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш салюту атылган.

Бирок 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.

9-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: