Кызыл аянтта Кыргыздын Улуттук гвардиясы параддан өттү (видео)



Бүгүн, 9-майда Орусиянын борбору Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.
Кызыл аянттан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы да марш тээп өтүп, өлкө башчысы Садыр Жапаров ордунан туруп, сыймыктануу менен карап турду. Сапты полковник Нурбек Дүйшөнбаев жетектеди.
Айта кетсек, парадга 11 миңден ашык аскер кызматкери катышып, жалпысынан 180ден ашуун атайын техникалар парадга чыгарылган. Салтанаттуу иш-чарага 20дан ашык мамлекеттин башчылары катышты.
Москвадагы Кызыл аянттан өткөн кыргыз аскерлери
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.