super.kg logo

Ноокаттагы спорттук иш-чара массалык мушташка айланды (видео)

 
Кечээ, 9-майда Ош облусунунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Сахаба эс алуу жайында массалык мушташ болду. Социалдык баракчаларга тараган видеолордон майрамдык маанайда уюштурулган спорттук иш-чара чоң чырга айланганын көрүүгө болот. Анда күрөшүп жаткан эки балбандын пикир келишпестиги, тарапташтарынын мушташы менен коштолгон.
Ош ОИИБинин басма сөз кызматы мушташ боюнча билдирүү таратты. Анда эки спортчунун ортосунда чыккан чыр каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталгандыгы айтылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын тургуну 1999-жылы туулган М.С жана анын каршылашы А.М.нын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккандыгы маалым болгон.
Коопсуздукту күзөтүп турган милиция кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чогулгандарды таратышкан. Аталган факты боюнча эки тарап арыз жазуудан баш тарткандыгы маалыматта кошумчаланган.





Ноокаттагы массалык мушташтын башталышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: