super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады (видео)

 

8-9-майда президент Садыр Жапаровдун Орусияда болгон иш сапары аяктады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, сапардын биринчи күнүндө өлкө башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программага катышты. Иш-чаранын алдында Садыр Жапаровду Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

9-майда президент Садыр Жапаров Москва шаарындагы Кызыл аянтта өткөн аскердик парадга катышты. Ага жалпысынан 20га жакын өлкөнүн башчылары жана өкүлдөрү барган. Параддын соңунда мамлекет башчылары Орусия лидери Владимир Путин менен бирге согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Александр бакчасындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюшту.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 9-майда Бишкекке кайтып келгендиги маалыматта кошумчаланган.

Айта кетсек, Москвада уюштурулган парадга 11 миңден ашуун аскер кызматкери катышып, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскерлери да параддан өткөн. Иш-чарада180ге жакын согуш техникалары көрсөтүлгөн.






Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: