super.kg logo

Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

 

Кечээ, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакта баатырдын наамында музей ачылды. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, имарат 45 күндө курулуп, колдонууга берилди. Көргөзмө залынын аянты 486 чарчы метрди түзөт. Ичинде чоң көргөзмө залы, кызматкерлердин кеңселери жана тазалоочу жайлары бар. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева жана Марат Мураталиев, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жакындары катышты.

"Бизге бүгүнкү жаркын жашоону тартуулаган жоокерлердин эрдиги келечек муундарга үлгү болуп, аларды патриоттуулукка тарбиялап келет. Чолпонбай Түлөбердиев атабыздын эрдиги жана жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", - деп белгиледи Жунушалиев.

Кошумчалангандай, ачылуу аземи баатырдын кылган эрдигин даңазалаган театрлаштырылган көрүнүш менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: