super.kg logo

Жалал-Абад шаарына курулуучу аэропорттун долбоору жарыяланды

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жакында жаңы эл аралык Жалал-Абад аэропортунун курулушу башталат. Жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы 381 гектар аянтка курулат. Бул туурасында "Кыргызстан аэропорттору" ААКынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аэропорт саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, комфорттун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат.
"Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет. 3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки буруучу жолчо жана алты аба кемесин токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга шарт түзөт.
Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет жана Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Ошондой эле ИЛ-76, Airbus A330, Boeing 767-300 жана башка жүк ташуучу аба кемелерди сатып алуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: