super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча улуттук курама Иранда өткөн мелдештен байгелүү кайтты

 
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Иранда өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, мелдеште балбандар 1 алтын, 3 коло медалга ээ болушту. Алтын медалды 61 килограммдык салмакта Бекзат Алмаз уулу жеңсе, коло медалга Абдумалик Карачев, Икрам Хаджимурадов жана Бекзат Рахимов татыды.
Курама команда башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышкандыгы маалыматта кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш-чаранын жалпы эсеби боюнча Кыргызстандын курамасы экинчи орунду алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: