super.kg logo

Украина дүйшөмбүдөн тарта 30 күндүк ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирди

 

Бүгүн, 10-майда Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск Киевге келди. Бул туурасында Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, алар Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан соң АКШнын лидери Дональд Трампка телефон аркылуу байланышкан.

“Киевдеги каалоочулардын коалициясынын жолугушуусунан кийин бардык беш лидер – Владимир Зеленский, Эммануэль Макрон, Фридрих Мерц, Дональд Туск жана Кир Стармер АКШнын президенти Дональд Трамп менен тынчтык аракеттери боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү телефон аркылуу өткөрүштү.

Украина жана анын союздаштары 11-майдан тарта кургактыкта, абада жана деңизде кеминде 30 күн бою толук, эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга даяр.

Эгер Орусия макул болуп, эффективдүү мониторинг камсыз кылынса, ок атышууну токтотуу жана ишенимди бекемдөө чаралары тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачышы мүмкүн”, - деп билдирген Сибига басылмаларга.

Айта кетсек, буга чейин Дональд Трамп Орусия менен Украинаны 30 күндүк ок атышпоого чакырган. Ал эми Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина менен ок атышпоо келишими түзүлсө, батыш өлкөлөрү Киевге курал-жарак берүүнү токтотушу керектигин эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: