super.kg logo

Трамп мыйзамсыз миграцияга каршы атайын программа иштелип чыкканын айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдөн мыйзамсыз мигранттарды “өзүн-өзү депортациялоо” программасын ишке ашырууну баштоо тууралуу буйрукка кол койду.

"Бүгүн мен биринчи жолу мыйзамсыз мигранттар үчүн өзүн-өзү депортациялоо программасын ишке ашыруу боюнча буйрукка кол койдум. Биз мыйзамсыз жүргөн мигранттардын Америкадан чыгып кетишине мүмкүн болушунча жеңилдиктерди жасап жатабыз. Мыйзамсыз жүргөндөрдүн каалаганы жөн гана аэропортко келип, бекер билет алып, өлкөдөн чыгып кете алат", - деп билдирди Трамп социалдык баракчасынан.

Америка лидеринин айтымында, бул үчүн мобилдик тиркеме ишке киргизилген. Анда мекенине билетти алдын ала брондосо болот. Кеткендер үчүн “өтө маанилүү чыгуу бонусу” да бар. Дональд Трамп анын көлөмүн атаган жок, бирок мыйзамсыз мигранттардын кетиши Американын бюджетин үнөмдөй турганын белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын Ички коопсуздук департаменти буга чейин кетүүнү каалагандарга 1000 доллар төлөнөрүн билдирген.

Президент АКШдан өз алдынча кетпегендер үчүн оор жазалар, анын ичинде олуттуу түрмө мөөнөттөрү берилип, айып пулдар салыным, мүлкүн жана кирешелерин конфискациялоону убада кылды. Ошондой эле мажбурлап өлкөдөн чыгарылышы мүмкүндүгүн эскертти.

"Бардык мыйзамсыз мигранттар бекер билетти азыртан брондосо болот. Биз сиздин Америкадан кетишиңизди каалайбыз. Эгер ал жакшы сапаттарын көрсөтсө, биз анын АКШга кайтып келүүсүнө жардам беребиз", - деп жыйынтыктады ал.

Айта кетсек, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш АКШ президентинин шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Март айында эле Улуттук коопсуздук департаменти Куба, Гаити, Никарагуа жана Венесуэладан келген 500 миңдей мигранттын укуктук статусун жокко чыгарган буйрук жарыялаган.

Май айынын башында The Washington Post гезити Дональд Трамп бийликтеги биринчи жылында 1 миллионго жакын мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо ниетин билдиргенин жазып чыккан. Бул Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң ири массалык депортация болот. Бир жылда 400 миңден ашуун мигрантты депортациялоо боюнча рекорд Барак Обаманын тушунда ишке ашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: