super.kg logo

ТИМ Стамбулда кармалган кыргыз мугалими боюнча маалымат таратты

 

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечимине ылайык, тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу кармалган мугалимдин жактоочусу менен биргеликте мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда. Аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Айта кетсек, буга чейин “Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ал Стамбул аэропортунан чек арачылар тарабынан кармалганы айтылган.
Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча иш алып барылып жаткандыгын расмий билдирген. Ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине вербалдык нота тапшыргандыгын маалымдаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: