super.kg logo

"Кыргыз айымынын изи калды". Асел Байбагышева Эверестти багындырды

 

Бүгүн, 11-майда Асел Байбагышева Эверест чокусун багындырып, ага чыккан биринчи кыргыз айымы болду. Бул туурасында белгилүү альпинист Кадыр Сайдилкан социалдык баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, альпинист айым бүгүн, 11-майда саат 9:15те жер жүзүндөгү эң бийик тоонун чокусуна чыгып, Кыргызстандын желегин көтөрдү.

"Сүйүнчү, жаңы тарых жаралды. Кыргыз элиме кут болсун! Асел Байбагышева 2025-жылдын 11-майында эртең мененки саат 9:15те негизги жатактан чокуга чейин рекорддук убакытта 2 күндө же болбосо 54 саатта чыгып, кыргыз желегин аалам чокусу Эверестте желбиретти. Кыргыз айымынын кыйындыгын, кайраттуулугун, чыдамкайлыгын, шамдагайлыгын ааламга жар салды. Аалам чокусунда кыргыз айымынын изи калды. 2025-жылдын сезонунда Эверест чокусуна чыккан дүйнөдөгү алгачкы айым болду. Аман-эсен түшүп кел!" - деп калтырган билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда манилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: